Ӱɴý

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Окуу иштери вице-президент жөнүндө

Чынаркуль Рыскулова

Доктор Чынаркуль Рыскулова БААУнун академиялык маселелер боюнча вице-президентинин кызматына 2023-жылдын сентябрь айында дайындалган.

Доктор Рыскулова жогорку билим берүүнүн менеджмент тармагында философия илимдеринин доктору даражасына Кент мамлекеттик университетинде (Кент шаары, Огайо штаты, АКШ) ээ болуп, БААУда эмгек жолун 1998-жылы баштаган. Ал буга чейин англис тилинин профессорунун ассистенти (1998-2007), академиялык маселелер боюнча вице-президент (2007-2008), академиялык маселелер боюнча декан (2007-2010), Кат жана академиялык ресурстар борборунун (WARC) координатору (2010-2011, 2012-2014), жалпы билим берүү программасынын теңтөрайымы жана ассоциацияланган профессору (2019-2021) кызматтарын аркалаган. Ал эми 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпы билим берүү программасынын теңтөрайымынын жана профессорунун милдетин аркалап келген. Мындан тышкары ал соңку академиялык жылдарда БААУнун мурунку президенти Джонатан Бекер, окутуучулары жана кызматкерлери менен тыгыз кызматташып, БААУда англис тилин иликтөө боюнча ылдамдатылган жайкы программаны демилгелеген. Ал биринчи жана экинчи курстардын семинарлардан тышкаркы программаларын көзөмөлдөйт жана Мэри Бернадетт Конде менен биргеликте жалпы билим берүү программасынын теңтөрайымы катары окутуу планын пландаштырат, иштеп чыгат жана координациялайт.

Доктор Рыскулованын тажрыйбасы жана билими аны БААУнун академиялык иштерин жетектөө жана университеттин миссиясы менен негизги баалуулуктарын окутуучулар, кызматкерлер жана изилдөөчүлөр менен биргеликте жайылтуу үчүн уникалдуу квалификациянын ээси кылат. Анын академиялык жетишкендиктери, саясатты жүргүзүүдөгү жана окутуу программаларын иштеп чыгуудагы мол тажрыйбасы, Эл аралык белгилүүлүгү, башкаруучулук тажрыйбасы жана илимий билимдерге ээ болуусунун айкалышы анын VPAA кызматына идеалдуу талапкер болуусун камсыздайт. Мен БААУнун окутуучулук курамынын, окутуу программасынын жана академиялык чөйрөсүнүн күчөтүлүүсү үчүн Чынаркуль Рыскулова менен тыгыз кызматташууну чыдамсызыдык менен күтүүдөмүн”

Тимоти О'Коннор
БААУнун Президенти

Байланыштар

Борбордук Азиядагы Америкалык университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы, 720060
Кабинет: 115
Электрондук почта: president_office@auca.kg
Тел.: +996 (312) 915000, кошумча номур 109
Факс: +996 (312) 915 028

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028