Ӱɴý

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Окутуучулар жана Кызматкерлер

Канайым Кыдыралиева

Ага окутуучу

Колдонмо илимдер бөлүмү

 

Эл. почта: [javascript protected email address]

Телефон: +996 (312) 915000 доб. 470

Кабинет: 215

 

Канайым Кыдыралиева Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Экономика” факультетинин ага окутуучусу. Ал Гумбольдт университетинин “Бизнес жана экономика” мектебинин экономика жана башкаруу илими боюнча магистр даражасына ээ (2015, Германия) жана Борбордук Азиядагы Америка университетинен экономика боюнча бакалавр даражасын алган (2010-ж., Кыргызстан). Ошондой эле Рур-Бохум университетинин “Экономика” факультетинде алмашуу студенти болгон (2009, Германия).

Канайым БААУда эмгек жолун 2008-жылы «Микроэкономикага киришүү» курсунун окутуучусунун ассистенти болуп баштап, 2016-жылы “Бизнести башкаруу” факультетинде окутуучу болуп эмгек жолун улаган. Ал БААУда “Логистика жана жеткирүү чынжырын башкаруу” багытындагы программанын координатору болуп иштеген (2016-2017). Учурда ал БААУнун “Экономика” факультетинде жана Ишкердик жана бизнести башкаруу мектебинде (SEBA) ага окутуучу кызматын аркалап келет.

Канайым БААУда этикалык изилдөөлөрдү камсыз кылуу боюнча иш алып барган Институттук кароо кеңешинин мүчөсү. Ошону менен бирге ал АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) «Келечекти куруу» долбоорунун алкагында «Кыргызстандагы жаштардын саясий катышуусунун социалдык негиздери: борбордук

шайлоо комитетинин далилдери, үлгү сурамжылоосу жана Ош жана Бишкек шаарларында фокустук топтордун талкуусу» аттуу изилдөөсүнүн башкы изилдөөчүсү катары иштеген (2019). Ал ар кандай илимий жана академиялык конференцияларга катышып, анын ичинде Аризона мамлекеттик университетинде (2023, АКШ), Борбордук Европа университетинде (2023, Венгрия), Берлиндеги санариптик окутуу боюнча OEB конференциясында (2022, Германия) жана башка кесиптик квалификацияны жогорулатуу программаларына катышкан. Ошондой эле Стэнфорд университетинин Python коду (2020, онлайн) жана Эхиме университетиндеги Сакура илим алмашуу программасынын (2019, Жапония) катышуучусу болуп саналат.

  • Чет элдик маданий байланыштар институтунун стипендиясы (Institut für Auslandsbeziehungen, IFA) (2022, Кассель, Германия)
  • Германиянын академиялык алмашуу кызматы (Deutscher Akademischer Austauschdienst) жана Ачык коом институту (2010-2012, Берлин, Германия) тарабынан каржыланган магистратура багытындагы DAAD/OSI стипендиясы
  • Германиянын академиялык алмашуу кызматы (Deutscher Akademischer Austauschdienst) тарабынан экономика адистиги боюнча окуу үчүн DAAD ERP стипендиясы (2008-2009, Бохум, Германия)
  • Urdaletova, A., Kydyraliev, S. & Kydyralieva, K. (2020). PROBABILISTIC APPROACH TO STATISTICAL INDICES. Turkuaz Uluslararası Sosyo-Ekonomik Stratejik Araştırmalar Dergisi, 2 (3 , 19-26).
  • Urdaletova, A., Kydyraliev, S. & Kydyralieva, K. (2017). STUDY OF PROBLEMS OF CRIMINALISTICS AND ECONOMICS USING MATHEMATICAL DYNAMIC MODELS. Socio-Economic Strategies (12-20).
  • Маалыматтарды талдоо
  • Микроэкономикага киришүү
  • Экономисттер үчүн математика
  • Ыктымалдуулук теориясы жана статистика

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028