Ӱɴý

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМ

БАКАЛАВРДЫК ПРОГРАММАЛАР ҮЧҮН ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМ

БААУ сиздин билим алууңуз сиз жана үй-бүлөңүз үчүн маанилүү инвестиция экенин түшүнөт жана биздин финансылык жардам бөлүмү арыз берүү процессинде сизге жардам көрсөтүүгө даяр. Азыркы учурда биздин бакалавриат программаларындагы студенттердин 70% жеңилдиктер же стипендиялар менен окушат. АУЦА таланттуу жана муктаждык көрсөткөн студенттерди колдоо максатында, материалдык абал жана академиялык жетишкендиктердин негизинде финансылык жардам көрсөтөт.

Ким финансылык жардамга кайрыла алат?

  • Финансылык жардамга тапшыруу укугуна КМШ өлкөлөрүнөн келген талапкерлер жана учурдагы студенттер ээ

Маанилүү маалымат

  • Документтерди тапшыруу мөөнөттөрүн сактаңыз: Финансылык жардамга тапшыруу белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбестен жүргүзүлүшү керек
  • Финансылык жардамдын туруктуулугу: Биринчи жылы берилген финансылык жардам студент бардык талаптарды аткарган учурда кийинки жылдары да сакталып калат

Финансылык жардамдын түрлөрү

  • Стипендиялар: Академиялык жетишкендиктерге, таланттарга, муктаждыкка же стипендиялык программа аныктаган башка критерийлерге негизделген финансылык колдоо
  • Жетишкендиктер үчүн жеңилдиктер: Академиялык, чыгармачыл же башка көрүнүктүү ийгиликтер үчүн берилген финансылык жардам
  • Материалдык абалдын негизинде берилген жардам: Студенттин үй-бүлөсүнүн материалдык абалы жана аны тастыктаган документтердин негизинде берилген жардам

Финансылык жардамдын бардык жеткиликтүү түрлөрү жөнүндө маалымат алуу үчүн барактын оң бурчундагы кошумча менюга өтүңүз

Байланыштар

Төлөмдөр боюнча суроолор - service@auca.kg

NGA даярдоо программасына тапшыруу - nga@auca.kg

Магистратура программалары үчүн жеңилдиктер- (тапшырып аткан программага туздөн - түз кайрылыңыз)

Биз сиздин академиялык сапарыңызда сизге колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Жардамга кайрылуудан тартынбаңыз.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028